Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттолот. Келишимге кол коюлду

Кечээ, 10-августта эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен ишинин жыйынтыгында Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Келишим «Sojitz» соода компаниясынын катышуусу менен «Japan style» жана «Yamada Bee Company Group» ортосунда түзүлгөн. Ишканалардын келишимдерине ылайык, аталган көлөмдөгү бал бир нече этап менен Японияга жеткирилет. Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы аралыкта экспорттолот.