2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, муфтийдин биринчи орун басары Самидин Атабаев Мекке шаарында өткөн ажылыктын жабылуу аземине катышты. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.
Уюштуруучулар ажылыкты уюштурууда жана “Масар электроник” порталындагы алгылыктуу иштери үчүн Кыргызстан тарапка ыраазычылык билдирип, кийинки жылга ажылыкты алып баруу боюнча нускаманы жеринде тапшырды.