Abank
SerepTV Logo

Кыргызстандык Азамат Сабырбеков менен 8 жаштагы кызынын «Привет, Андрей!» берүүсүндө ырдаган видеосу

Кыргызстандык Азамат Сабырбеков менен 8 жаштагы кызынын «Привет, Андрей!» берүүсүндө ырдаган видеосу
Ушул жылдын апрель айында Каракол шаарынын тургуну Азамат Сабырбеков менен анын 8 жаштагы кызы Алтынай Орусиядагы Андрей Малаховдун «Привет, Андрей!» берүүсүнө катышып келишкен. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/culture/jakshy-tosup-alyshty-kyrgyzstandyk-azamat-sabyrbekov-menen-8-jashtagy-kyzy-privet-andrei-beryysyno-tartylyp-kelishti/">келишкен.  Ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү айтып берген. «Кызым 5 жашынан бери ырдайт. Мен гитара чертип, ал кичине ырдап калчу. 1985-жылы жарык көргөн «Белая дверь» ырын ырдап жатканда досум видеого тарткан. Аны Ютубга 1 жылдай мурун киргизип койгонбуз. 2022-жылдын ноябрь айында берүүнүн редактору чалып чакырды. Ошол видеону көрүшүптүр. Ал эми берүү 1980-жылдагы ырларга байланыштуу экен. Биз ал учурда бара албай калганбыз. Бирок барууну аябай каалаганбыз. Болбой калды го деп калдык. Кийин кайра чалып, чакырышты. Макул болдук. Барган-келген билетин, ал жактагы жаткан жер төлөнүп берилет деди. Келгенибизге 4-5 күн эле болду. Жакшы тосуп алышты. Тартылдык. Мурда ыр гитара менен эле ырдалган эле, ага аранжировка жасатты. Берүүнүн качан чыгарын чалып айтып коебуз дешти», — деген. Азамат Сабырбеков менен кызынын берүүдө аткарган видеосу жарыяланды.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от Азамат Сабырбеков (@music_azamat)

Ташкент шаарында эки аял менен жашаган эркек биринчи жубайын өлтүрүүгө киллер жалдаган

14:12 05.05.2026

Бишкек-Ош унаа жолунда чоң көлөмдүү таш көчкү түштү

09:03 05.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Индонезияда сейрек кездешүүчү кубулушту - күн желесиндей булуттарды тартып алышты

14:47 05.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкеринин эмгек акысынын эсептелиши боюнча түшүндүрмө

17:09 06.05.2026

Тоо жакка эс алууга чыксаңыз, эске алыңыз: 7-12-май күндөр аралыгында сел жүрүшү мүмкүн

16:46 06.05.2026

Садыр Жапаров Кадамжай районундагы “Торговый” базарына барды

16:34 06.05.2026