Кыргыз кызынын Стамбулдагы мейманканада бети жана моюну кескиленген абалда табылышы. Ишти консулдук көзөмөлгө алды

17-январда Стамбул шаарынын Умрание районундагы мейманканалардын биринде чыр-чатактан улам кыргызстандык кыз бетинен жана мойнунан жараат алган. Кылмышка шектелип, 1981-жылы туулган Түрк жараны кармалган. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

«Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, сот тарабынан шектелген Түрк жараны Туркиядан чыгууга убактылуу тыюу салынып, үй камагына алынды. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жагдайды көзөмөлгө алып, кыргыз жаранынын кызыкчылыгын коргоо үчүн Стамбул шаарынын тийиштүү органдары жана сот өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, иш-чараларды өткөрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Түрк ЖМКлары Түркиянын Стамбул шаарында 28 жаштагы кыргыз кызы мейманканада бети жана моюну кескиленген абалда табылганын, аны номерге 40 жаштагы эркек киши коштоп киргенин жазышкан. Сурак учурунда эркек киши кыздын өз жанын кыюуга аракет кылганын билдирген. Ал эми кыргыз кыз эркек киши берген көрсөтмөнү четке каккан. Анын айтымында, эркек киши менен үч айдан бери тааныш жана ал анын колун сурап жүргөн. Бирок кыз турмушка чыгууга макулдук бербегенин билдирген. «Ал менин паспортумду тартып алды. Ошол күнү дагы чыр чыгып, мени өлтүрүүгө аракет кылды», — деген кыргыз кыз.