Кыргызстандык окутуучу Японияда кымыз боюнча долбоор жазып, эл аралык медаль алды (сүрөт)

«Манас» университетинин инженердик факультетинин тамак-аш инженердиги бөлүмүнүн окутуучусу Айчүрөк Мажитовага эл аралык «Мацумаэ» фонду тарабынан медаль берилди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Айчүрөк Мажитова медалды аталган фонддун илимий гранты менен Японияга барып, «Кумамото» университетинде «Кымыз ачытуу учурунда белок фракцияларынын өзгөргөндүгүн жогорку эффективдүү суюктук хроматографиясында изилдөө» темасындагы долбоорун ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн алган.

«Ал 6 айлык изилдөөнүн алкагында Бангладеш, Франция, Испания, Япония жана Литва сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдүн академиктери менен иштешип, пикир алмашканын жана университетибизди эң ​​мыкты деңгээлде таанытууга аракет кылганын айтты», — деп айтылат маалыматта.