Кыргызстандык окуучу Казакстанда өткөн республикалык олимпиадада 1-орунду багынтты

Кыргызстандык окуучу Казакстанда өткөн математика боюнча республикалык олимпиадада биринчи орунду алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

12-14-июнда Алматы шаарында Шалтай Смагулов атындагы республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы өттү. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш биринчи орунга ээ болду.