Кыргызстандыктар массалык түрдө интернеттин жоктугуна нааразы болушууда

Кыргызстандыктар MegaCom, О!, ошондой эле Акнет провайдерлеринен мобилдик интернеттин жоктугуна массалык түрдө нааразы боло башташты. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучуларына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Сайттар такыр жүктөлбөйт, же туташуу абдан көп убакытты талап кылып жатканын айтышууда. “Кыргызтелеком” ишканасынын интернет колдонуучулары да байланыштын жоктугуна нааразы.