Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров президентке караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө президентинин 1 жарлыгы 227 кишиге (179 – чоңдор жана 48 бала), көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар жана Кыргыз Республикасынын президентинин 1 жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 180 кишиге (150 – чоңдор жана 30 бала). Жалпы келтирилген өтүнүч – 407 кишиге (329 – чоңдор жана 78 бала).