Кыргызстандык спортчулар Юлия Андреева менен Мария Коробицкая Токиодогу Олимпиада оюндарына катышпай турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда белгилүү болду.
Жеңил атлетика федерациясынын журналисттерге берген маалыматы боюнча, Юлия Андреева себептерин айтпастан Олимпиада оюндарына катышуудан баш тарткан.
«Биз андан Олимпиадага катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө расмий билдирүү алдык. Улуттук олимпиада комитетине кабарладык», — деди жеңил атлетика федерациясынын катчысы Иван Щербаков.
Ал эми Мария Коробицкая жолдомону жеңип алган марафондун жыйынтыгы таанылбагандыктан Олимпиада оюндарына катыша албайт.
2020-жылы 6-декабрда Ташкенттеги марафондо Коробицкая алтын медаль жеңген жана жайкы Олимпиадага жолдомо алган. Кийинчерээк Ташкенттеги марафондун трассасы 1,5 километрге кыска болгону ачыкталган. Ага байланыштуу Дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясы Ташкенттеги эл аралык марафондун жыйынтыктары дүйнөлүк рейтингде эске алынбай турганын жарыялады.