Кыргызстанга Германиядан туристтер туристтик поезд менен келишти. Алардын келүүсүнүн максаты — өлкөнүн кооз жерлерин кыдыруу, кыргыз элинин тарыхий жана маданий мурастары менен таанышуу. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолунан» билдиришти.
Август айында германиялык “Lernidee Erlebnisreisеn GmbH” туристтик компаниянын өкүлдөрү Германиядан келе турган коноктор үчүн Кыргызстандын ичиндеги темир жол аркылуу туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен “Кыргыз темир жолу” ишканага кайрылышкан. “Кыргыз темир жолу” ишканасы өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүнүн алкагында бул демилгени колдоп, аталган турга ар тараптуу көмөк көрсөтүп, туристтик поезддин өлкө ичинде темир жол менен жүрүү шартын, коопсуздугун камсыздады.
Алгач коноктор Германиядан учак менен Алматы шаарына 4-сентябрда келишкен. Андан соң 5-сентябрда тур үчүн жаңы түзүлгөн поезд менен Кыргызстанга келишкен. Иш-чаранын жүрүшүндө туристтер Боом капчыгайынын көркүнө күбө болуп, «Рух Ордо» маданий борборунда болушуп, Ысык-Көлдү кыдырып чыгышты. Бүгүн, 6-сентябрда туристтик поезд Бишкек шаарына кайтып келди. Коноктор туркомпания уюштурган программанын калган бөлүгүн көрүшөт.
Туристтер Кыргызстандан кийин Өзбекстанга барышып, андан соң Германияга кайтышат.