Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Тынчтык үчүн саякат» Пекин маданий алмашуу борборунун төрагасы Шао Чаньчунь менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына каршы вакцина өндүрүү боюнча заводду куруу жана чөп-чардын негизиндеги кытай өндүрүшүндөгү дары-дармектерди колдонуу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды»,— деп айтылат маалыматта.
Жылдыз Бакашова Кытай Эл Республикасына коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда өлкөгө үзгүлтүксүз көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген. Ал жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин белгилеген.
«Мамлекеттин саясаты ишкердүүлүктүн эркиндигин, ишкердик жүргүзүү үчүн туруктуу жана кепилденген шарттарды, ошондой эле жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу принциптерине негизделген», — деди Жылдыз Бакашова.










