Кечээ, 15-июлда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган Кыргыз Республикасынын жараны болгон 6 баланы мекенине кайтарды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Элчилик Орусиянын компетенттүү органдары менен балдарды репатриациялоону макулдашуу жол-жобосун жүргүзүп, алардын мекенине кайтып келүү процесси үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди даярдоого көмөк көрсөткөн.