Кытай Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткендин тургундарына 100 миң доллар берет

Кечээ, 2-ноябрда Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргыз Республикасындагы Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Жолугушууда кытай тарап кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына 100 миң доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардамды берүү чечими жөнүндө билдирди. Тараптар ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван Инин Кыргыз Республикасына болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу маселелерин талкуулашты.