Кытайлык тайконавттар космостон тартылган Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынын сүрөтүн жарыялашты

Кытайлык тайконавттар «Тяньгун» космос станциясынан Кыргызстан менен Кытайдын чек арасын жана Ысык-Көлдү сүрөткө тартышкан. Сүрөттү Кытай элчилиги Instagram баракчасына жарыялады.

«Мына, тоолор менен дарыялардын биригиши»,- деген жазуу калтырышкан.