Abank
SerepTV Logo

"Күтүлгөн эле нерсе болчу". Депутаттык мандатынан ажыраган Фарходбек Алимжанов үн катты

"Күтүлгөн эле нерсе болчу". Депутаттык мандатынан ажыраган Фарходбек Алимжанов үн катты
Кечээ, 6-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Фарходбек Алимжановдун каттоосун жокко чыгарып, аны депутаттык мандатынан ажыратты. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bshk-jasalma-diplom-boyuncha-deputat-farhodbek-alimjanovdu-mandatynan-ajyratty/">ажыратты.  БШК анын жогорку окуу жайды бүтүргөнү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматын уккандан кийин ушундай бүтүмгө келген. Билим берүү министрлигинин комиссиясы Алимжановдун диплому одоно мыйзам бузуулар менен берилгенин, ал Кыргызстанда болбогондуктан мамлекеттик экзамендерди тапшырбаганын аныктаган. Эл өкүлү соцтармактагы баракчасына бул күтүлгөн эле нерсе болгонун жазды. "Менин дипломум боюнча коюлган айып негизсиз. Мен өз позициямды коргойм, достор, баары жакшы болот",- деп жазды ал. https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/07/snimok-9.png" alt="" width="741" height="488" />