Кызамыкка, кызылчага жана паротитке каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрүнүн Улуттук календарына ылайык 12 айлык балдарга жасалат, 6 жашка чыкканда — ревакцинация жүргүзүлөт.
Кызамыкка каршы вакцина Кыргызстандын бардык эмдөө жайларында бар. Балдарын кызамыктан коргогусу келген ата-энелер жашаган жери боюнча дарыгерге кайрылышы керек. Эмдөөдөн өтпөгөн чоңдор үчүн КПК ордуна ККВ (кызылча, кызамык вакцинасы) эмдөөсү жүргүзүлөт жана аны жекече гана алууга болот.