«Кызыбыздын реабилитациясына ар бир сом чоң жардам». Эркин Рыскулбеков зордукталган 13 жашар кызга эсеп ачылганын билдирди

Телеалпаруучу, коомдук активист Эркин Рыскулбеков колдон колго өтүп зордукталган 13 жашар кызга реабилитация кылуу үчүн банктык эсеп ачылганын маалымдады. Ал кыз узак реабилитацияга муктаж экенин жана элди анын тагдырына кайдыгер болбоого чакырды.

«Зордуктоодон жабыр тарткан 13 жашар кызга жардам берели. Кыздын атасы эмгек миграциясынан жаңы кайтып, учурда жумушсуз. Апасынын ден соолугу начарлап баратат (боору ооруйт). Кызыбызга күчтүү психологиялык колдоо жана узак реабилитация зарыл. Учурда ар бир сом чоң жардам болгону турат. Акча которууңузду “для девочки” билдирүүсү менен коштоп коюңуз», — деп жазган Рыскулбеков.