Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен бирге жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Ленин райондук комиссиясында 153 материал каралып, анын ичинен 126 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 27си тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөөгө жылдырылды. Ленин райондук комиссия иш баштагандан бери жалпысынан 1903 арыз каралып, анын ичинен 601 арыз боюнча оң чечим чыгарылып, 249 арыз боюнча тиешелүү кызматтарга документтерди толуктоо үчүн жөнөтүлүп,1749 арыз «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик башкармалыгына шаар куруу корутундуларын берүү жөнүндө маселени кароого жөнөтүлгөн.
Свердлов райондук комиссиясында 65 материал каралып, анын ичинен 40 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 15 материал тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөөгө жиберилген, 10 материал «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн жиберилген.
Свердлов райондук комиссия иш баштагандан бери жалпысынан 2204 арыз каралып, анын ичинен 234 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 368 арыз боюнча материалдар толуктоо үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүп, 1849 арыз «Бишкек башкы архитектура» мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү жөнүндө маселени кароого жөнөтүлгөн.
Биринчи май райондук комиссиясында 19 материал каралып, анын ичинен 18 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 1 арыз тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөөгө жиберилген. Биринчи май райондук комиссиясынын иши башталгандан бери жалпысынан 2173 арыз каралып, анын ичинен 90 арыз боюнча оң чечим чыгарылып, 82 материалды толуктоо үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүп, 2072 арыз «Бишкек башкы архитектура» мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү жөнүндө маселени кароого жөнөтүлгөн.