Шейшемби, 10.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Кызымдын ылай болгон сөөгүн жамгыр жууп кетиптир». Аксыдагы селде 6 жакынынан ажыраган Нурбек алардын акыркы күнүн айтып берди (сүрөт)

15:26 15.07.2021
1
«Кызымдын ылай болгон сөөгүн жамгыр жууп кетиптир». Аксыдагы селде 6 жакынынан ажыраган Нурбек алардын акыркы күнүн айтып берди (сүрөт)

12-июлда Аксыда сел жүрүп, суу 8 адамды алып кеткен. Алардын ичинен 6 адамдын жансыз денеси табылган. Ал эми 5 жаштагы бала менен 3 жаштагы кыздын сөөгү дайынсыз болуп жаткан. Кечээ, 14-июлда 3 жаштагы Фатиманын жансыз денеси табылып, сөөгү жакындарына өткөрүп берилди. Ал эми 5 жаштагы Айдардын сөөгү дагы деле табыла элек. Ошол эле күнү сел алып, каза болгондордун алтоо бир үй-бүлө мүчөсү экени маалым болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бир учурда апасы, карындашы, эки жээни, эки кызынан ажыраган Нурбек Шайыбеков ошол күнкү окуяны айтып берди. Анын айтымында, жамгыр саат 19:00 менен 20:00 ортосунда жаай баштаган. Заматта эле сел жүрүп кеткен. Жакындарына барып, жардам берүүгө да үлгүргөн эмес. «Ошол күнү эртең менен жубайым ооруканага кеткен. Мен үйгө чөп алып келип, түшүрөм деп калгам. Апам тоого жакын жашачу. Карындашым, эки кызым, эки жээним апамдардыкына кеткен эле. Эки үйдүн аралыгы жөө баскан адамга жарым эле сааттык жол болчу. Жамгыр жаай баштаганынан эле, жолго чыгып, апамдардын үйүн көздөй жөнөдүм. Шаркыраган суунун үнү угулду. Барсам үйдүн ордунда эч нерсе калбаптыр, жердин баары жайнаган таш. Ошентип бир заматта Перизат, Фатима деген кыздарымдан, апамдан, карындашым Бермет, Адилет жана Айсезим атуу жээндеримден айрылып калдым», — деди ал.

Ал мындан тышкары, жакындарынын сөөгүн издөө жана аны табуу азабын айтып берди. «Апамдын, карындашымдын, бир кыз, эки жээнимдин сөөгү ошол эле күнү, 13-14 чакырым алыстыктан табылды. Фатима кызымдын сөөгү табылбай жатты. ӨКМдин кызматкерлери да келип, издешти. Ал күнү кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө иштерин токтотушту. Эртеси күнү таң заардан туруп, өзүм айылдагы туугандарды чогултуп, издей баштадым. Туугандар кызымдын сөөгүн табышты. Биз кызым жаткан жерди буга чейин деле издегенбиз. Бирок көрбөптүрбүз. Кечинде жаан жаап кеткендиктен анын ылай денесин жамгыр жууп кеткен экен. Аппакай денеси сел агызган ылайлардан чыгып калыптыр. Ошентип, кызымдын да сөөгүн таап жерге бердик», — деди Нурбек Шайыбеков.

 

1 / 6
- +

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:58 10.03.2026
0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...

Нарындагы убактылуу жабылган жол тазаланды

Нарын — Жаңы-Жол унаа жолу убактылуу жабылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:41 10.03.2026
0

8-март күнү саат 17:45 чамасында Нарын-Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган....

Ашууларда убактылуу чектөө киргизилди

Ашууларда убактылуу чектөө киргизилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:33 10.03.2026
0

Бүгүн, 10-март ɵлкɵ аймагында аба ырайынын кескин ɵзгɵрүшүнɵн улам ашууларда күн бүркөк, бороон болуп, туман каптап жатат. Өтмөк ашуусуна, Сосновка...

Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылат

Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:17 10.03.2026
0

Бүгүн, 10-мартт Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр...

Дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу мыйзам долбоорлору колдоо тапты

Дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу мыйзам долбоорлору колдоо тапты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:23 09.03.2026
0

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык...

Комментарийлер 1

  1. Баку says:
    5 лет ago

    ((( өкүнүчтүү

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирген шектүү кармалды

Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирген шектүү кармалды

09:15 10.03.2026
Улуу Британияда аял көтөрүп чуркоо боюнча турнир өттү

Улуу Британияда аял көтөрүп чуркоо боюнча турнир өттү

10:12 10.03.2026
Ашууларда убактылуу чектөө киргизилди

Ашууларда убактылуу чектөө киргизилди

10:33 10.03.2026
Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

16:14 10.03.2026
Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

15:58 10.03.2026
Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

15:55 10.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү