Лебединовка - ГЭС-5 жолунда асфальт төшөө иштери толук аяктады
Лебединовка айылы – ГЭС-5 багытындагы автомобиль жолунун 5,1 чакырым бөлүгүндө реконструкциялоо иштеринин негизги бөлүгү аткарылды. Атап айтканда, жолдун негизги катмарларын төшөө иштери толугу менен аяктады. Төмөнкү катмардагы асфальт-бетон жабындысы жана үстүнкү ЩМА-22 катмары 100% төшөлдү.
Бүгүнкү күнгө карата долбоор боюнча иштердин жалпы аткарылышы 97%ды түзөт. Учурда жол белгилерин орнотуу, жол чийиндерин түшүрүү, жол тосмолорун орнотуу жана аялдамаларды бүткөрүү иштери улантылууда.
Лебединовка – ГЭС-5 автомобиль жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкциялоо иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөртүлүп, 2 тилкеден 4 тилкеге чейин кеңейтилди. Мындан тышкары, негизги жолго катарлаш Биримдик-Кут конушуна кирүүчү 2 чакырым узундуктагы эки тилкелүү кошумча жол салынды. Курулуш иштери 2025-жылдын 26-февралында башталган.