Лейлек районундагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү

Лейлек районунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү кызматтын күчөтүлгөн вариантына өткөрүлдү. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, бул чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында жасалды.

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун башчыларынын жолугушуусу өттү. Президенттин облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, ага Лейлек жана Баткен облустарынын акимдери, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Абдикарим Алимбаев менен Раджабба Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларды, Көк-Таш айылынын Дахма участкасында кыргыз мектеп окуучуларынын сабалышын жана чек арада тажик коопсуздук күчтөрү тарабынан эки өспүрүмдүн кармалышын талкуулашты. Аймак башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кармалгандар бошотулду. Мындан тышкары, тараптар чек ара аймактарында чыр-чатактарды болтурбоо, коомдук-саясий абалды көзөмөлдөө жана социалдык тармактардагы чагымчыл маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча макулдашышкан.