Чек ара жаңжал болуп жаткан Маргун айылынан качып бараткан Хайбулла аттуу тургунга Сереп Меди маалымат агенттиги байланышты. Ал: “Мен 55 жаштамын, үй-бүлөбүз менен абал курчугандан улам Лейлекке качып баратканбыз, машинамдын бензини түгөнүп жолдо калдык, 25-30 адамбыз. Неберелерим, төрт келиним бар, алардын күйөөлөрү баары калышты. Жардам келет деп эртең менен айтышкан, келе элек, эмне кылышты билбей отурабыз”, — дейт.
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусутүнкүсүн...










