Лейлекте атышуу учурунда аялдар жана балдар качып бара жатышат (видео)
Лейлек районунда атышуу учурунда аялдар жана балдар качып бара жатышат. Видеодон ок атышуунун үндөрү угулат.
Камерага тартып жаткан адамдын качып жаткан балдарды сооротууга аракет кылып, ошол эле учурда жашын кармай албай, мукактанган үнү да чыгат.