Ленин округу боюнча шайлоо. Төрт талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылат

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Кечээ, 28-майда Бишкек шаарындагы Ленин шайлоо округу боюнча шайлоо болуп өттү. 51 шайлоо тилкесиндеги автоматтык эсептөөчү урналардын баарынан алдын ала жыйынтык түшкөн. Ага ылайык добуш бериши керек болгон 124 908 шайлоочунун 17 423ү добуш берди.

Автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн жыйынтык боюнча да, кол менен саноо боюнча да 36 пайыздан ашык добуш алган Дамира Ниязалиева алдыга чыкты.

Ал эми 5 пайыздык чектен өткөн 4 талапкерге шайлоого катышуу үчүн коюлган 100 миң сом күрөө кайтарылып берилет. Алар:

Акыл Айтбаев — 5,67%;

Илимбек Аттокур уулу — 5,15%;

Эртай Искаков — 7,56%;

Улан Сариев — 11,88%.