Кечээ, 3-июлда актёр, режиссёр Бакыт Мукул маданият министрине кайрылуу жасаган. Ал өз кайрылуусунда Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндөгү көйгөйлөрдү айткан.Маданият министрлиги бул боюнча маалымат таратып, министрликтин буйругунун негизинде жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.
«Жумушчу топ 2025-жылдын март-апрель айларындагы аудит материалдарына таянып, “Кыргызфильм” ММ, Кинематография департаменти жана “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси мамлекеттик мекемесинин ишинде каржылык мыйзам бузуулар белгилери бар экенин аныктаган. Бул фактылар боюнча учурда тиешелүү тергөө органдары тарабынан иликтенип жатат.
Ошону менен катар, арыз ээлеринин айрымдары текшерүүчү топтун мүчөлөрү болгондуктан, объективдүүлүк жана бейтараптык маселеси да көтөрүлүүдө. Азыркы тапта Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүнүн имараты Курулуш министрлиги тарабынан экспертизалык иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми интернет желесине тараган видео тасмада негизги имаратка караштуу чарба курулмалары көрсөтүлгөн жана бул имараттар жакынкы аралыкта буздурулуп, архитекторлор үчүн заманбап кинозалдын, үн жаздыруучу жана дубляждык студияларды камтыган кинематографиялык борбордун долбооруна техникалык тапшырма даярдалып, сынак жарыяланарын тастыктайбыз»,— деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram