Маданият министрлиги «Азаттык» сайтынын ишин 2 айга токтотту

Маданият министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын Кыргызстандагы ишин эки айга токтотуу чечимин кабыл алды.

Министрликтен билдиришкендей, мындай чара Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгына каршы келген такталбаган материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалымат) жооп кайтарууга байланыштуу.

«Маданият министрлиги Настоящее время (Азаттык Медиа структурасында) ресурсунда “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында катуу кармаш жүрүп жатат”, деген эфиринде кастык маанайдагы сөздөр, такталбаган маалыматтар бар экенин аныктаган. 17-сентябрда министрлик ЖМК чөйрөсүндөгү мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча “Азаттыкка” кайрылуу жолдогон.

«Бирок бул кайрылууга көңүл бурулбай, «Азаттык Медиа» жооп берген жок жана тиешелүү чаралар көрүлгөн жок», — деп айтылат маалыматта. Маданият министрлиги “Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, материалды өчүрүү боюнча кат 24-октябрда “Азаттыкка” дароо (арыз берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде) жөнөткөн. Маданият министрлигине “Азаттык медиасынан” жооп келип, алардын платформасынан материалды алып салуу иштери жүрүп жатканы айтылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин видео өчүрүлө элек»,— деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Маданият министрлиги “Азаттык Медиа” сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу чечимин кабыл алган.