Мадумаровдун кол тийбестигинен ажыратуу боюнча комиссиянын иши убактылуу токтотулду

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун караган комиссия ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу журналисттерге комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, комиссия жыйынга чогулуп, төрагасын шайлап, ишин токтотту. Азыр биз бардык материалдарды изилдеп жатабыз. «Акырында кандай чечим чыгарына кепилдик бере албайм. Бирок мен сөзсүз түрдө каршы добуш берем», — деди ал. 

10-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу түшкөнү маалым болгон. Ошол эле күнү  башкы прокурордун сунушун иликтөө боюнча комиссия түзүү чечими кабыл алынып, ага 7 депутат кирген. Мадумаров ага «чыккынчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун айткан.