“Адилет Орусия – Чындык үчүн” партиясынын лидери Сергей Миронов Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинге кайрылып, жумуш берүүчүлөрдү эмгек мигранттарынын айлык акысын орусиялыктардан төмөн эмес белгилөөгө милдеттендирүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
«Мыйзам деңгээлинде иш берүүчүлөрдү эмгек мигранттарынын айлык акысынын деңгээлин Орусиянын тиешелүү субъектинде окшош кызматтарда иштеген Орусиянын жарандары алгандан төмөн эмес белгилөөгө милдеттендирүү сунушталууда», — деп айтылат кайрылууда.