Abank july
SerepTV Logo

Каттоо кызматы өлкөнүн казынасына 70 миллион сомго жакын акча которду

Каттоо кызматы өлкөнүн казынасына 70 миллион сомго жакын акча которду
Каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы 2020-жылдын ичинде бюджетке сандардын өзгөчө айкалышындагы аукциондук жана аукционсуз номурларга карата сертификаттарды сатуудан 70 миллион сомго жакын сумманы которгон. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти. 2019-жылга салыштырмалуу автоунаага карата даярдалган номурлардын саны 99 миң пластинага төмөндөгөн. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде 485 миң автоунаа номурлары, жалпы 2020-жылы автоунаага карата 360 миңден ашуун номурлар даярдалган. 2016-жылдын 1-июнунан тартып «Инфоком» транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номур белгилерин өндүрүүгө киришкен. Мурда номерлерди даярдоо менен менчик компания алектенип келген, кирешенин негизги бөлүгү анын өз эсебине түшүп турган болчу.