«Баткен» аэропорту аткылоого дуушар болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.
Эске салсак, «Баткен» аэропорту аэродромунун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу жабылган. Буга чейин Чек ара кызматы Баткен шаарынын аэропортунун чет жакасы аткыланганын билдирген.










