«Манас» эл аралык аэропортунун IATA коду 2025-жылдын 9-августунан тартып FRU’дан BSZ’ге өзгөртүлөт. Бул тууралуу Жарандын авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салуучу 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык кабыл алынган.
«Кодду өзгөртүү тууралуу чечим 2025-жылдын 9-майында IATA тарабынан жөнөтүлгөн расмий билдирүүнү негиз кылып, IATAнын 763-резолюциясынын 4.3.2-пунктунда белгиленгендей, 90 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин күчүнө кирет. IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана “Манас” эл аралык аэропорту эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте жаңы BSZ кодун колдонууга жымсал өтүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат»,- деп айтылат маалыматта.