«ПЦР-тестти талап кылуу биздин эмес, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Андыктан авиабилеттерди сатып алууда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинде ПЦР-тести тууралуу маалыматты тактап билип алууңуздарды суранабыз. Мисалга алсак, Кыргызстанга келгендер үчүн бардык талаптар жокко чыгарылган. Өзбекстан, Казакстан жана Түркия да ушул жылдын июнь айында ПЦР-тестинин же эмдөө сертификатынын милдеттүү түрдө болушун жокко чыгарышкан. Бирок Орусия, БАЭ, Индия бул талаптарды жокко чыгарган жок. Андыктан Кыргызстандын аэропортторунда аталган өлкөлөргө учууга катталууда авиакомпаниянын өкүлдөрү ПЦР-тестин же эмдөө сертификатын талап кылышат», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик кызматтан алынган Алымкадыр Бейшеналиев «Алтын балалыкты» жетектеди
Саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган Алымкадыр Бейшеналиев "Алтын балалык" реабилитациялык борборго директор болуп дайындалды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине министрликтен...