"Манас" эл аралык аэропортунда негизги курулуш жана реконструкциялоо иштери аяктады
Бүгүн, 7-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүнүн 93 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, “Манас” эл аралык аэропортунда жүргүзүлгөн масштабдуу реконструкция жана модернизация иштеринин жыйынтыгы менен таанышты.
“Биз аэропортторду жаңылоо менен Кыргызстандын авиациялык системасын жаңылап жатабыз. “Манас” эл аралык аэропортунда аэродромдун элементтери жаңыланып, жарык берүүчү системалар модернизацияланды. “Манас-2” аэробекет комплекси толугу менен реконструкцияланды. Ошондой эле, “Ош” жана “Ысык-Көл” эл аралык аэропортторунда жаңы, заманбап аэробекет комплекси курулууда. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат”, — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.
Иш-чаранын алкагында Объектте жүргүзүлгөн комплекстүү реконструкциялоо жана модернизациялоо тууралуу маалымат Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун жетекчиси Манасбек Самидинов тарабынан берилди. 50 жылдан ашык тарыхы бар “Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштери 2025-жылы Курулуш министрлиги тарабынан “Кыргызстан аэропорттору” ААК менен биргеликте башталган. Аэропорттун долбоору Курулуш министрлиги тарабынан иштелип чыгып, бүгүнкү күндө негизги курулуш жана реконструкциялоо иштери аяктады.