Белгилүү улакчы Манас Ниязовду Кытайда күйөрмандары жылуу тосуп алышты. Улакчы өзүнүн социалдык тармагына сүрөттөр менен бөлүшүп, төмөндөгүдөй ойлору менен бөлүшкөн.
«Көк бөрү федерациясынын Кытайга болгон иш сапарындагы делегациясынын курамында мен дагы болуп калып, өзүм үчүн көптөгөн ачылыштарга ээ болуп турам.
Кытай — ат оюндарына өтө кызыккан өлкөлөрдөн болуп, биздин көк бөрүбүзгө тынбай баам салып турушат экен. Айрыкча Синцзянь чөлкөмү менен Кыргызстанды Тянь-Шянь тоолору бөлүп тургандыктан кыргыз жылкылары ал жакта мол экендигине күбө болдум.
Күйөрмандарымдын калың тобу Кытайда да бар экендиги мен үчүн күтүүсүз сүйүнүчтү алып келди. Кытай журтунун жылуу тилектери, кыргыз туугандарынын меймандостугу мен үчүн көк бөрүбүздү сүйүп, ойноого дагы шык берип отурат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бир боор туугандарыбызга терең ыраазычылыгымды билдирем, оюн талаасына чыкканда Кытайда боордошторум колдоп жүргөнүн мындан ары биле жүрөм. Аман болуңуздар туугандар!«- деп жазган улакчы.
Посмотреть эту публикацию в Instagram