Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмү. Жумушчу комиссия ишин аяктады

УКМКнын СИЗОсунда болгон учурда каза тапкан «Айыл банк» ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнүн фактыларды иликтөө боюнча жумушчу комиссия ишин аяктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Көрсөтмөгө ылайык, комиссия мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, тергөө амалдары жүрүп жаткан камакка алынгандардын өздүк делолору, видеокөзөмөлдөөлөрдүн жазуулары менен танышууга,  ошондой эле УКМКнын кызматкерлери, тергөө абагында кармалып турган адамдар менен байланышууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Комиссия өз ишинин жүрүшүндө 12 отурум өткөрсө, анын  беши УКМКнын СИЗОсунда, жетөө Өкмөт үйүндө өткөн.

«УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы угулуп, Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаев камакта болгон учурдагы СИЗОнун байкоочу камералардагы жазуусу, тергөө абагынын эсеп-кысап документтери көрүлдү. Аны менен катар каза болгон адамдар менен чогуу кармалгандар, СИЗОнун кызматкерлери суралып, бул кылмыш иштерин тергеген УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү менен баарлашуу болду. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча комиссия Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө алып келген жагдайлардын трагедиялуу айкалышы жөнүндө алдын ала корутундуга келди»,- деп айтылат маалыматта.

Ушундай иштердин кайталанбашы үчүн комиссия зарыл чаралардын комплексин сунуш кылган.

«Министрлер кабинети мамлекет башчысынын тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайды, СИЗОну жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырууда. Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот», — деди — комиссиянын төрагасы Эдил Байсалов.