Борбордук шайлоо комиссиянын координациялык жумушчу тобуна жактоочу Таттыбүбү Эргешбаевадан арыз келип түштү. Анда жактоочу Бишкектеги кичи автобустун капталдарына БШКнын логотиби жана “Биз конституциялык референдумду колдойбуз!” деген жазуусу бар баракчалар чапаталганын айткан.
Мындан улам Таттыбүбү Эргешбаева БШКга жана укук коргоо органдарына кайрылып, кичи автобустун ээси болгон транспорттук компания менен ишти териштирүүнү суранып, аны менен катар ал бул үгүттөө баракчасын ким жайгаштырганын жана аны чыгарууга ким тарабынан демилгеленгенин аныктоону талап кылууда.
Өз кезегинде БШК аталган арыздын үстүндө сөзсүз түрдө чара көрүшөрүн белгиледи. Мекеменин маалыматы боюнча материалдар Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине жана Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жиберилди.
Өлкөдө жаңы Конституцияны кабыл алуу же кабыл албоо боюнча референдум 11-апрелде, жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бир убакта өткөрүлөт.