Медиа Полиси Институту: «Канат Каниметовго берилген 363-берене журналистке колдонулбайт»

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү жазган журналист Канат Каниметовго эскертүү берилиши тууралуу Медиа Полиси Институтунун юристи Акмат Алагушев пикирин билдирди.

«Канат Каниметовго карата коюлган 363-беренени журналистке же башкага колдонгонго болбойт. УКМКнын төрагасы юрист эмес, ал өзү деле айтып жүрөт. Же аны адаштырып коюшту же өзү ошондой деп ойлоп алды. Бирок аны оңдоп коюш керек болчу. Бул абдан өкүнүчтүү. Алар аталган берене менен журналистке талапты катуу коёбуз деп ойлошту«, — деди юрист.

Буга чейин журналист Канат Каниметов саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча пикирин жазган билдирүүсүнө карата эскертүү берилген.