Кечээ, 12-июлда Кыргызстандын медициналык академиясынын жаңы жыйындар залында Адинай Мырзабекованын жаркын элесине арналып эстелик орнотулду. Медакадемиядан билдиришкендей, ачылыш аземине академиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, кызматкерлери жана Адинайдын туугандары жана курсташтары катышты. Колодон жасалган бюстту Адинайдын 2021-жылкы бүтүрүүчү курсташтары орнотту.
Адинай Мырзабекова өткөн жылы 13-июлда коронавирус күч алып турган учурда каза болгон. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп, пандемия учурунда Бишкектеги стационарлардын биринде медайым болуп иштеген. Анын өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония, ага каза болгондон кийин «Эрдик» медалы берилген.