Мектеп окуучулары 30-декабрдан тарта кышкы эс алууга чыгат

Быйыл мектеп окуучулары 30-декабрдан тарта кышкы эс алууга чыгат. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда,  эс алуу 9-январга чейин созулуп, 11-январда окуучулар окууга чыгышат.