«Мектепке кеткен бойдон дайынсыз». Таласта 6-класстын окуучусу изделип жатат

Таласта 6-класстын окуучусу изделип жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы жарандардан дайынсыз болуп жаткан баланы издеп табуу үчүн жардам сурайт. 2009-жылы туулган Узакбаев Улукбек Искендерович 19-апрель күнү эртең менен мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.

Бою: 140-145 сантиметр, өңү кара тору, дене түзүлүшү толук, көзү жүлжүк, бетинде сепкилдери бар.

Кийген кийимдери: Үстүндө ак түстөгү көйнөк, кочкул кызыл жемпир, шымы боз түстө, бутунда кызыл кроссовка.

Узакбаев Улукбек Искендеровичти көргөн билгендер болсо, «102» кызматына телефон чалып билдирүүнү өтүнөбүз. Андан тышкары байланыш телефондор: 0771 57 08 76; 0701 14 05 06; 0550 74 33 35.