«Мен болгону 19 жаштамын». Камакка алынган «Полит Узник» баракчасынын администраторунун апасына жазган каты жарыяланды

48 саатка камакка алынган «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин жазган каты жарыяланды.

«Урматуу мени колдоп, мага сарсанаа болуп жаткан мекендештерим! Сиздердин колдооңуздарды сезип, дух алып турам! Мага козголгон кылмыш иши 100 пайыз саясий негизде! Мен сынбайм! Мен чыгам! Мама, мен көп нерсени сизди ойлоп унчукпай жүрдүм. Өзүңүздү жакшы караңыз, баары жакшы болот. Анткени эне балага чоң таасир этет. Мен сени жакшы көрөм! Мен болгону 19 жаштамын. Бийлик, тапкан экенсиң оппонентти!!!»,— деп жазылган катта.