Бейшемби, 19.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Бакай-Атанын бейтапканасындагы чуу. Бул окуядан кийин дарыгер Кыргызстандан кетерин билдирди

16:05 22.03.2021
0
Бакай-Атанын бейтапканасындагы чуу. Бул окуядан кийин дарыгер Кыргызстандан кетерин билдирди

Бүгүн, 22-мартта адвокат Шердор Абдыкадыров СЕРЕП МЕДИА агенттигине Бакай-Ата конушундагы бейтапкананын дарыгерлери пенсионерди кабыл алуудан баш тартып, аны иш бөлмөдөн түртүп чыгарып салышканын айтып, окуянын видеосу менен бөлүшкөн эле.

https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/inczident-v-poliklinike-jilmassiva-bakai-ata-1.mp4

Бул окуядагы экинчи тараптын оюн угуу үчүн СЕРЕП МЕДИА агенттиги Бакай-Ата конушундагы бейтапкананын дарыгери, тактап айтканда дал ошол видеодо «катталгыла, анан келгиле» деп эшикти жаап алган Динара Жумагулова менен байланыштык.

Анын айтымында, видео бул окуянын аягындагы үзүндү. Ал бул окуядан кийин кан басымы жогорулап жатканын, мындан ары бул бейтапканада эмес, Кыргызстанда иштөөдөн баш тартып жатканын айтты.

«Ал айым биздин бейтапканага келгенде эле ачууланып келген. Ошол окуядан кийин кан басымым жогорулап жатат. Мен учурда жумушум боюнча окуудан өтүп жаткам. Күнүгө саат 14:00гө чейин окуйм. Андан кийин гана бейтаптарды кабыл ала баштайм. Ошол күнү бейтапканага окуудан суранып эртерээк келгем, себеби мен башка бейтаптарды текшеришим керек эле. Отурсам эле эже кирип келди. Мен кабыл алуу баштала элегин айттым. Бирок ал буга чейин ооруканада дарыланып чыкканын айтып уруша баштады. Видеодо деле көрүнүп турат. Мен ал учурда ак халатымды да кийе элек болчумун. «Макул» дедим. Кабыл алайын деп карточка ачтырып, ЭКГга түшүрдүк. Ошол учурда менин телефонума “жаңы төрөлгөн ымыркай” деген чалуу келип калды. Мен ымыркай балдары бар апаларга бошобой жатсам да дароо жооп берүү үчүн дайыма ушинтип сактайм. Болбосо, алар чалып жатканда албай калышым мүмкүн. Ал эми ымыркайга тезинен жардам керек болуп калышы мүмкүн да. Ошол учурда чалган келиндин 25 күндүк наристеси бар болчу. Ага кеңеш берип жаткам. Бирок мен телефон менен сүйлөшүп жаткан учурда бейтаптын карточкасын толтуруп жатышкан. Анан эле ызы-чуу чыгарды. «Эшикте күтүп туруңуз, азыр кабыл алам» дедим. Бирок ал провокация кылды. Телефонуна тарта баштады. Анан мен аны эшикте күтүп турсун деп «каттоодон өтүп, анан келиңиз» дедим. Мен видео тарагандан кийин директорго кирип, иштебейм деп арыз жаздым. Арызды каттаттым. Бирок директор «сенин ордуңа киши тапкыча иштеп турасың» деди. Мен эми Кыргызстандан кетүүнү ойлоп жатам. Бул жерде иштебейм. Орусияга кетем. Мен да өз укугумду коргогум келет. Менин да чындыгым бар”, — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:32 19.03.2026
0

Бүгүн, 19-мартта УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып, ИИМде сурак берип, андан болжолдуу 5 сааттан кийин чыкты. Ал жерге...

Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:39 19.03.2026
0

Жогорку Кеңештин депутаттары 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барышат. Мындай чечим бүгүн, 19-марттагы жыйында каралып, Жогорку Кеңештин...

Ош шаарында айт намазы мечиттерде окулат

Ош шаарында айт намазы мечиттерде окулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:36 19.03.2026
0

Эртең, 20-март – Орозо айт намазы Ош шаарында мечиттерде окулат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын чечими менен Орозо айт намазы Бишкекте...

Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат

Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:33 19.03.2026
0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволорунун сунушунун негизинде, 20-мартта Орозо айт намазын мечиттерде окуу...

Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:13 19.03.2026
0

17-март күнү кыргызстандык кары Мухамадали Умаров Саудиянын Жидда шаарында өткөн дүйнөлүк Куран жарышта кайрадан 1-орунду ээлеп, 50 миң сауд риялы...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

08:44 19.03.2026
Орозо айт намазы эски аянтта окулат

Орозо айт намазы эски аянтта окулат

08:26 19.03.2026
Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

10:13 19.03.2026
Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

16:32 19.03.2026
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

16:11 19.03.2026
Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

15:39 19.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү