«Мен эмне үчүн кетишим керек?». Бейшеналиев министрликтен кетпей турганын айтты

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан кетпей турганын билдирди. Бүгүн, 5-февралда министрликтин имаратынын жанында анын кызматтан кетишин талап кылган митинг өттү.

«Алар ким өзү? Мен эмне үчүн кетишим керек? Коррупционерди кызматтан алганым үчүнбү? Мурда жол берилип келген каталарды оңдоп, ишти туура кылган министр эмне үчүн отставкага кетиши керек?» — деп ачууланды Алымкадыр Бейшеналиев.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей коюшту.