Бишкекте өткөн маалымат жыйында «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси жолдошунан кордук көргөн келинди алып келип, келин көргөн кордугу тууралуу айтып берген эле. Ал 10 жылдан ашык убакыт күйөөсүнөн запкы жегенин айткан.
- «Мен 2011-жылдан бери жолдошумдан зордук-зомбулук көрүп келем. Ушул жылга чейин начар жашоодо жашап келдим. 4 балам бар. Жолдошум жашап баштагандан бери эле кордук көрсөтүп жүрдү. Бул менин жана жолдошумдун экинчи турмушубуз. Зомбулукка чыдап, үй-бүлөнү сактайын деп сөзүнөн чыкпай жашап келдим. Жакшы күн болгон жок. Турмушка чыккан соң, боюмда болду. 4,5 айдан ашкан соң мени сабап баштады. Буга эч себеп болгон жок. Боюмдагы баламдан айрылдым. Дарыгерге барсам өлүк экенин айтышты. «Эч кимге айтпа, ата-энеңе айтпа. Айтсаң мени камап салат. Бул күндөр өтүп кетет» деп жалдырады. Мен да кантип айтам деп унчуккан жокмун. Дарыгерлер «наркоз менен баланы кескилеп албасак болбойт, бала чоңоюп калган» дешти. Кийинки балдарым төрөлдү, эч өзгөрүү болгон жок. Төрөтканадан чыкканда эле, «балдарың эмне ылайт» деп бешикти оодарып, жаздыкты бетине баскан күндөрү болгон»,- деген келин.
Чүй облустук сотунан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кылмышка шектүү жаранга 25-августта сот чечими чыкканын айтышып, 50 миң сом айып пул салынганын билдиришти.
«Аламүдүн райондук сотунун чечими менен жаран күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Аталган берене оор кылмыштарга кирбегенине байланыштуу, эркинен ажыратуу каралган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин тараптардын эч кимиси сот актысынын көчүрмөсүн алуу өтүнүчү менен кайрыла элек. Иш Кылмыш-процессуалдык кодекстин талаптарын сактоо менен каралып, процесстин катышуучуларынан эч кандай өтүнүч түшкөн эмес. Мындан тышкары, айыпталуучунун сот системасындагы эмгек ишмердүүлүгү тууралуу маалымат аныкталган эмес», — дешти.