Кечээ, 8-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, шаардагы калктын саны күндөн-күнгө өсүп жатканын эске алуу менен шаар инфраструктурасын жакшыртуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
«Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарында 500 миңден ашык адам жашаса, жакынкы аймактардан келгендер менен бирге бул сан 800 миңден ашат. Күн сайын шаарга жакынкы жана алыскы аймактардан 56 миңге жакын унаа кирип чыгат. Алар жол тыгындарын жаратып, кырсыктарды жана абанын булганышын күчөтүүдө. Эгер алардан акы алынса бир жылда жалпы 3 миллиард сомго жакын каражат жергиликтүү бюджетке келип түшөт.
Бул каражат кайра эле көйгөйлөрдү чечүү максатында “Ош жолдоруна инвестиция – келечекке кадам” демилгеси сунушталды. Ага ылайык, башка аймактардан келген унаалар үчүн акы киргизилиши мүмкүн. Түшкөн каражатка мектеп, бала бакча, оорукана жана реабилитациялык борборлорду курууга, шаар инфраструктурасын жакшыртууга жумшоо максатталууда. Жыйындын катышуучуларына кийинки отурумга негиздүү сунуштарды даярдап келүү тапшырылды»,- деп айтылат маалыматта.