Конуштун жашоочулары дароо чарбактарын ичүүчү суу менен сугарып башташты. Борбор калаанын мэринин орун басары Жыргылбек Шамыралиев жооптуу шаардык кызматтар менен биргеликте суунун келишин текшерип, сугат иштери менен алектенген тургундарды аныктоодо.
Кечээ, 7-июнда Арча-Бешик конушунун тургундары Түштүк магистралды буушту деген видео тарап, алар суу көйгөйүн чечип берүүнү талап кылышкан болчу.