28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкекте жолчулар дем алыш күнү иштебей жатышканын айтып, нааразы болгон. Буга мэрия жооп берип, бул билдирүү чындыкка дал келбей турганын билдирди.
«Бүгүнкү күндө жолдорду оңдоо жана реабилитациялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Ошол эле учурда, кээ бир тилкелерде тургундардын нааразычылыгынан улам, дем алыш күндөрү жана кечки убакта подрядчы уюмдар иштерди убактылуу токтотууга мажбур болушууда. Бирок калган убакта жол куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Мисал катары депутат Мeдеров көчөсүн келтирген. Бирок учурда бул көчөдө инженердик тармактарды тартуу иштери параллелдүү жүрүп жатат. Бул – келечекте жаңы басылган асфальт катмарын кайра казуу зарылдыгын алдын алуу максатында жасалууда. Мeдеров көчөсүн Юнусалиев көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери графиктен 26 күнгө алдыда бара жатат. Ал эми Жибек-Жолу проспектисинде иштер графиктен 19 күн эрте бүткөрүлгөн.
Жаңы төшөлгөн асфальтты кайра казуу маселесине келсек, шаардык кызматтар тарабынан жолдорду реконструкциялоо жана реабилитациялоо учурунда параллелдүү иштерди макулдашуу менен жүргүзүү каралган. Муниципалдык инспекция жана тиешелүү адистер тарабынан аткарылган иштердин сапаты жана мөөнөттөрү тыкыр көзөмөлдөнүүдө», — деп айтылат маалыматта.