Троллейбус албайт белеңиз? Мэрия «распродажа» жарыялады

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти  менчигинде турган жана «Бишкек троллейбус башкармалыгынын» балансында турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыялайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

28 лоттон турган аукцион берилген билдирменин жана «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын транспорт каражаттарын баалоо боюнча берилген документтердин негизинде 31-мартта саат 14:00дө Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча башталат. Катышуучуларды каттоо 29-мартта саат 17:00дө аяктайт. Арыздар 29-мартка чейин кабыл алынат.

Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн талапкер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине төмөнкүлөрдү тапшырат:

* лоттун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
* талапкер жеке адамдын инсандыгын тастыктаган документ;
* арыз берүүчүнүн жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке жактын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;
* кепилдик взностун (барымтанын) төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери.