Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №87-мектепте мугалим окуучуну урган окуя боюнча текшерүүнү аяктаганын билдирди. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде «Балдар жөнүндө» кодексинин, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жана педагогикалык этиканын талаптарынын одоно бузулгандыгы аныкталган. Мектеп кызматкерлеринин аракеттери жашы жете элек окуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузганы белгиленген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мугалим ээлеген кызматынан бошотулган, ал эми мектеп директоруна карата тартиптик жаза колдонулду.
Мэрия балдардын укуктарын сактоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу билим берүү департаментинин туруктуу көзөмөлүндө экени баса белгиледи.









