Мэриянын 185 колл-борборунун ыкчам жооп берүү кызматы убактылуу иштебейт. Өчүрүү «Мегалайн» системасынын иштебегендигине байланыштуу болгон. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан учурда Бишкек мэриясынын колл-борборуна 0 (312) 591802, 0 (312) 591805 телефондору аркылуу кайрылса болот.